Кыргызстанда соттор соттолуучулардын жаза өтөө режимин тандашпайт

11:09, 16 января 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда соттор соттолуучулардын жаза өтөө режимин тандашпайт. Бул тууралуу маалымат жыйында Жазык жана жарандык сот өндүрүшү башкармалыгынын прокурору Азизбек Шүкүрбеков билдирди.

Айтымында, мындай өзгөртүүлөр жаңы Жазык-аткаруу кодексине киргизилди.

«Жаңы Жазык-аткаруу кодекси боюнча соттолуучулардын жаза өтөө режимин ЖАМКтын алдындагы атайын комиссия тандайт. Анын бир бир мүчөсү протоколго кол коет. Эгерде сот 5 жылга чейин эркинен ажыратуу тууралуу жаза кабыл алган болсо, комиссиянын кишини күчөтүлгөн режимдеги колонияга жөнөтүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Баардыгы жазадан көз каранды», -деди Азизбек Шүкүрбеков.

Эске салсак, 1-январдан тарта өлкө аймагында жаңы Жазык, Жазык-аткаруучу, Жазык-процессуалдык кодекстер күчүнө кирди.