10:22, 16 января 2019, Бишкек - 24.kg
Бишкекте Nissan үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу бир аялды сүзүп кетти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык Жибек Жолу кең көчөсүндө бүгүн таңкы саат 7:20да болду.
"Аял жолдогу өтмөктөн өтүп бара жаткан. Унаа сүзгөндөн кийин аны ооруканага жетиришти. Айдоочунун унаасы айып төлөөчү жайга киргизилди",- деп билдиришти башкармалыктан.