Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бериле баштайт

10:03, 16 января 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бериле баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы айдоочулук күбөлүк эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен жакшыртылган дизайн жана көптөгөн коргоочу элементтер менен сунушталып жатат. Ал жогорку сапаттагы пластиктен жасалып, 10 жылдык мөөнөткө берилмекчи.

Азыркы айдоочулардын күбөлүгү мөөнөтү бүткүчө жарактуу саналат, ыктыярдуу түрдө гана алмаштырылат.

Учурда жаңы күбөлүктүн эскиздери даярдалган.