Кара-Суу районунда кызамык жуктурган балдардын көпчүлүгү эмделген эмес

09:45, 16 января 2019, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун Кара-Суу районунда кызамык жуктурган балдардын көпчүлүгү эмдөөдөн өткөн эмес. Бул тууралуу «Азаттык» маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, райондо былтыр 347 ата-эне балдарын кызамыкка каршы эмдөөдөн баш тартышкан.

Кара-Суу районунда 2018-жылдын 26-декабрынан бери кызамыкка байланыштуу 53 бейтап дарыгерлерге кайрылган. Илдетке кабылгандардын 90 пайызы бир жашка чейинки балдар. Учурда 20 бала бейтапканада дарыланууда.