Президент Россия, АКШ, Кытай жана Кореяга элчилерди дайындады

09:08, 16 января 2019, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков Россия, АКШ, Кытай жана Кореяга Кыргызстандын элчилерин дайындоо боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын аппараты билдирет.

Буйрукка ылайык Болот Отунбаев АКШга, Аликбек Жекшенкулов Россияга, Канайым Бактыгулова Кытайга жана Динара Кемелова Кореяга элчи болуп дайындалды. 

Аталган элчилердин талапкерлигин кечээ парламенттин эл аралык маселелер, коргонуу жана коопсуздук комитети жактырган.