23:57
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Ошто 4-кабаттан наристеси менен боюн таштаган келин 12 жылга эркинен ажыратылды

Ош шаардык соту 4-кабаттан наристеси менен боюн таштаган келинди күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аялга «адам өмүрүнө кол салуу» беренеси боюнча айып тагылып, 12 жылга эркинен ажыратылды.

Аялдын жактоочусу өкүмгө макулдугун билдирген жок, ал Ош облустук сотко даттанды.

Эске салсак, сентябрда 40 жаштагы аял 10 айлык баласы менен 4-кабаттан секирген. Кесепетинен өзү жана наристе жаракат алышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар