Бишкекте Орто-Сай базарынын соодагерлери митингге чыгышты

16:44, 15 января 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Орто-Сай базарынын соодагерлери митингге чыгышты. Бул маалыматты ШИИББдан тастыкташты.

Маалыматка караганда, соодагерлер ижара акысынын көбөйгөндүгүнө каршы чыгышууда.

«Митинг базардын өзүндө болууда. 30га жакын киши ижара акыны көбөйтпөөнү талап кылып жатат. Коомдук тартиптик күзөттү аймактык РИИБнын кызматкерлери жүргүзүүдө. Нааразы тараптан эч кандай эреже бузуулар катталган жок», -деп билдиришти ШИИББдан.