Ош облусунда турак үйдүн 100 чарчы метр чатыры күйүп кетти

11:43, 15 января 2019, Бишкек - 24.kg

Кечээ Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Шарк айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 100 чарчы метр чатыры күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, өрттү өчүрүүгө ӨКМнин № 13 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 2 бөлүм тартылып, тилсиз жоо саат 14:54тө чектөөгө алынып, саат 15:38де толук өчүрүлгөн.

Өрттүн келип чыгуу себеби жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү болгон.