Кечээ Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Шарк айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 100 чарчы метр чатыры күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, өрттү өчүрүүгө ӨКМнин № 13 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 2 бөлүм тартылып, тилсиз жоо саат 14:54тө чектөөгө алынып, саат 15:38де толук өчүрүлгөн.
Өрттүн келип чыгуу себеби жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү болгон.