10:13
USD 77.80
EUR 87.84
RUB 1.09

Ала-Букада көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 11 киши эвакуацияланды

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука айылынын Кулбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 11 киши эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, көп кабатуу № 32 үйдүн батиринен өрт чыгып, анда тиричилик буюмдары күйгөн. Жабыркагандар жок.

Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар