11:29, 15 января 2019, Бишкек - 24.kg
Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука айылынын Кулбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 11 киши эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, көп кабатуу № 32 үйдүн батиринен өрт чыгып, анда тиричилик буюмдары күйгөн. Жабыркагандар жок.
Учурда өрттүн себеби такталып жатат.