Ошто бир жигит тапанчадан ок чыгарды. Анын видеосу Инстаграмда жарыяланды.
Түштүк борбордун ИИБсы билдиргендей, текшерүү маалында ок аткан баланын аты-жөнү такталды. Ал 20 жаштагы Г.Н. болуп чыкты.
«Видео 10-январда тартылганы мааалым болду. Окуя Ленин көчөсүндөгү «Изюм» кафесинде болгон. 20 жаштагы тургун туулган күнүн белгилеп жаткан, кафеден чыгып тапанчасы менен аба карай ок чыгарган. Текшерүү иштери жүрүп жатат», -деп билдиришти ШИИБдан.
В Оше парень стрелял в воздух из неустановленного пистолета. Видео опубликовали в социальной сети Instagram.