Ошто тапанчадан ок чыгарган жигит кармалды

09:37, 15 января 2019, Бишкек - 24.kg

Ошто бир жигит тапанчадан ок чыгарды. Анын видеосу Инстаграмда жарыяланды.

Түштүк борбордун ИИБсы билдиргендей, текшерүү маалында ок аткан баланын аты-жөнү такталды. Ал 20 жаштагы Г.Н. болуп чыкты.

«Видео 10-январда тартылганы мааалым болду. Окуя Ленин көчөсүндөгү «Изюм» кафесинде болгон. 20 жаштагы тургун туулган күнүн белгилеп жаткан, кафеден чыгып тапанчасы менен аба карай ок чыгарган. Текшерүү иштери жүрүп жатат», -деп билдиришти ШИИБдан.

В Оше парень стрелял в воздух из неустановленного пистолета. Видео опубликовали в социальной сети Instagram.