Чет мамлекетте жүргөн мекендештер үчүн байланыш каналы иштеп баштады

09:23, 15 января 2019, Бишкек - 24.kg

КРнын Тышкы иштер министрлиги алдындагы Консулдук кызмат департаменти тарабынан WhatsApp, Telegram, WeChat жана Viber тиркемелери аркылуу +996 (551) 312-000 номуру боюнча чет мамлекетте жүргөн мекендештер үчүн байланыш каналы иштеп баштады. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, байланыш каналы күнү-түнү кайрылууларды кабыл алып, укуктук жана жарандык кызыкчылыктарды коргоодо ыкчам жардам берүү максатында түзүлгөн.

Муну менен бирге чет өлкөдө иштеген мекемелердин иши тууралуу да маалымат жана арыздар кабыл алынат.