21:06
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Чүйдө 25 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган таксист кармалды

Чүй облусуна караштуу Москва районундагы Беловодск айылынын 25 жаштагы тургунун зордуктоого аракет кылган таксист кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-январда кылмыштарды каттоо реестрине Чүй облусунун 25 жаштагы тургунунун арызы катталган. Ал «Тойота Ист» үлгүсүндөгү унаа айдаган белгисиз таксист аны Москва районунун Садовое айылынан зордуктоого аракет кылгандыгын айткан. Аталган кылмышка шектелип Чүй облусунун 34 жаштагы жашоочусу кармалды.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Эң көп окулган жаңылыктар