16:47, 14 января 2019, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын «Ак Жол» чек ара өткөрмө пунктунан жасалма паспорт менен Казакстанга чыгып кетүүгө аракет кылган Түркиянын үч жараны кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, алар Кыргызстанга өздөрүнүн мыйзамдуу паспорту менен киришкен.
Бирок, көзөмөл бекетинен өтүп жатканда чет элдик жарандар Түркиянын атайын кызматтык паспортун көрсөтүшкөн. Чек арачылар ал документтер жасалма экенин байкап калышып, текшерүүгө алышкан.
Алар жасалма паспортторун мыйзамдаштыруу үчүн өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылганын айтышкан. Териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн кармалгандар УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп берилди.