04:04
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Мамлекеттик гербдин кабыл алынгандыгына 25 жыл толду

«Мамлекеттик герб тарыхыбызды, бүгүнкү биримдигибизди, келечекке болгон умтулуубузду чагылдырып турат», — деп башталат президент Сооронбай Жээнбековдун мамлекеттик гербинин 25 жылдыгына карата куттуктоосу.

Өлкө башчысы герб чейрек кылымдан бери элибиздин азаттыгын, мамлекетибиздин көз карандысыздыгын даңазалап, дүйнөгө таанытып келе жаткандыгын белгилейт.

«Азыркы учурда өлкөбүз дүйнөгө мамлекеттик туусу, гимни жана герби менен кеңири таанылды. Бүгүн гербдин авторлоруна жана гербди жактырып, кабыл алган «легендарлуу парламенттин» депутаттарына ыраазылык билдирем. Жалпы кыргызстандыктарды, сыртта жүргөн мекендештеримди, эркин өлкөбүздүн ар бир жаранын мамлекеттик гербинин күнү менен куттуктайм!», — дейт Сооронбай Жээнбеков.

Эң көп окулган жаңылыктар