20:34
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Өрнөк айылындагы жол кырсыктан 5 киши мерт кетти

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Өрнөк айылындагы жол кырсыктан 5 киши мерт кетти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаа карама-каршы багытта келе жаткан «МАН» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен кагышкан.

Анын кесепетинен «Тойота Эстима» унаасында бара жаткан 8 жүргүнчүнүн экөө окуя болгон жерде каза болгон. Бишкек шаарынын тургуну К.П. ооруканада жан берген. Мындан сырткары 1995-жылы туулган У.У., 1992-жылы туулган У.Б. жана 1982-жылы туулган А.З. («Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу) денесинен жаракат алып, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына түшкөн. Учурда абалдары жакшы.

Мындан тышкары 1999-жылы туулган З.Г. менен 1975-жылы туулган Ш.А.нын баш сөөгү жабыркап, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Аталган жарандар кырсыктан алган жараатынан улам 10-11-январь күндөрү каза болду.



Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума