ӨКМ: Күйүүчү май ташуучу унаанын айдоочусу куткарылды

10:39, 14 января 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек—Ош унаа жолунун 424-чакырымында (Кызыл-Бейит тилкеси) капталдап туруп калган күйүүчү май ташуучу унаанын айдоочусу куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя кечээ Кара-Көл шаарында болгон.

Жол кырсыктан жаракат алган айдоочу тез жардам кызматы тарабынан Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген. Окуя болгон жерде өрт чыккан эмес жана жол жабылган жок.