07:44
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Ошто 2 жаштагы наристени өлтүрө сабаган аял тергөө абагына киргизилди

Ошто 2 жаштагы наристени өлтүрө сабаган аял соттун чечими менен тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

Оштун социалдык өнүгүү башкармалыгы 24.kg агенттигине аялдын 6 айлык боюнда бар экенин айтты. Шектүүнүн мындан башка 5 баласы бар экени маалым болду.

«Аялды кармагандан кийин жолдошу балдарын жашы жете элек жээнине каратып коюп Жалал-Абадка келген. Балдарды убактылуу интернатка жайгаштырышкан, кийин атасы келип өз колуна алып кетти. Алар Базар-Коргон районунда жашашат. Чарчап калган наристенин атасы баласын агасыныкына убактылуу гана таштаганын айтты. Каза болгон баланын ата-энеси жарым жыл мурун ажырашып кетишкен, ал атасынын колунда калган», -деп билдиришти социалдык өнүгүү башкармалыгынан.

Маалыматка караганда, 5 балалуу үй-бүлө аз камсыз болгондордун катарына кирип, алар жөлөк пул алып келишкен.

Эске салсак, Ошто 30 жаштагы аял 2 жаштагы тууганынын баласын сабап койгон. Бала 10-январда ооруканага түшкөн, дарыгерлер аны ооруканага чейин эле каза болуп калганын айтышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар