Жетикс. Кыргызстанда алгачкы жолу тартылган балдардын фантастикалык тасмасы

08:57, 14 января 2019, Бишкек - 24.kg , Элеонора КЫДЫРОВА

Режиссер Сүйүн Откеевге таандык «Жетикс» тасмасы 24-январдан баштап өлкөнүн бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу режиссер 24.kg агенттигине билдирди.

Айтымында, «Жетикс» -Орто Азияда жана Кыргызстанда алгачкы жолу тартылган балдардын фантастикалык тасмасы.

«Фильмде окуучулардын эч себепсиз жоголушу, аны издөөдө коомчулук дүрбөлөңгө салган чуулгандуу окуялар менен коштолот», -деп билдирди режиссер.