06:45
USD 89.47
EUR 96.43
RUB 0.97

Ошто 2 жаштагы наристенин өлүмүнө шектелип 30 жаштагы аял кармалды

Ош шаарында 2 жаштагы наристенин өлүмүнө шектелип 30 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу ОШ ШИИБдан билдиришти.

Маалыматка таянсак, наристе кечээ Ош облустук балдар ооруканасына келип түшкөн.

2016-жылдын 2-сентябрында төрөлгөн баланын агасы (баланын атасынын агасы) анын тарамышы түйүлүп жатканын айтып дарыгерлерге алып барган. Дарыгерлердин айтымында, наристе ооруканага келгенге чейин эле каза болуп калган. Мындан улам ал тартип сакчыларын чакырышкан. 

«Соттук-медициналык эксперттин катышуусунда наристенин жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, анын бети-башында, колдорунда жана сандарында көгөргөн жарааттары, сол колунун билегинде ачык жарааты бар экендиги аныкталган», -деп билдиришти ШИИБдан.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кылмышка шектүү катары каза болгон наристенин атасынын бир тууган агасынын аялын кармашты. Ал өз көрсөтмөсүндө наристенин шымына сийгендиги үчүн чымчып, буттарына уруп жүргөнүн билдирди.

Жубайынын айткандарын күйөөсү да тастыктап, аялы наристени тарбиялоо үчүн кээде кол көтөргөнүн айтты.


Эң көп окулган жаңылыктар