Эрлан Атантаев Бишкек ШИИББнын башчысынын орун басары болуп дайындалды

14:38, 11 января 2019, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусундагы ИИБнын башчысынын орун басары Эрлан Атантаевди Бишкек ШИИББнын башчысынын орун басары кылып дайындашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев кол койду.

Эрлан Атантаев буга чейин Ысык-Көл ОИИБнын башчысынын орун басары кызматында 2016-жылдан тарта иштеп келген. Ага чейин Патрулдук милиция башкармалыгында жетекчинин орун басары болуп эмгектенген.