Турсунбай Бакир уулу 37 жаш кичүү жубайы экөө расмий түрдө нике күбөлүгүн алышты

08:50, 11 января 2019, Бишкек - 24.kg

Мурдагы депутат Турсунбай Бакир уулу өзүнөн 37 жаш кичүү жубайы Каным Автандил кызы менен никесин расмийлештирип нике күбөлүгүн алды. Бул тууралуу Каным Автандил кызы өзүнүн инстаграм баракчасына жазды.

Фото

Маалым болгондой, Турсунбай Бакир уулу азыркы жубайы менен 1 уул 1 кызды тарбиялап келет.

Каным Автандил кызы постуна нике күбөлүгүнүн сүрөтүн жүктөп, «Кыргызстандын жараны катары милдетибизди аткардык» —деп жазган.

Эске салсак, бул экс-депутаттын алтынчы никеси. Буга чейин актриса Нуриза Бурханова менен үйлөнүп, кийин пикир келишпестиктен улам ажырашкан деген маалымат тараган. Актрисадан бир уул бир кызы бар.