7-Апрель менен Анкара көчөлөрүнүн кесилишинен жаш кызды унаа сүзүп кетти

17:55, 10 января 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги 7-Апрель менен Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, жаш кыз жаракат алды. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Тойота Альтеза» унаасы 1996-жылкы кызды сүзүп кеткен. Болжолдуу маалымат боюнча, ал жөө адамдар өтө турган өтмөктөн баскан эмес.

Унаа айып аянтчасына токтотулуп, жабырлануучу ооруканага жаткырылды.