19:06
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

«Чыпалак» баатырдан жаңы тасма. «Шеф» тасмасында баш ролду өзү ойноду

Чыпалак баатыр деген каймана аты менен таанылган Зарылбек Аликенов «Шеф» аттуу жаңы кыска метраждуу тасма тартты. Видеону ал Ютуб каналына жүктөгөн.

«Ээ, менин фанаттарым, канаттарым кандайсыңар? Камера көзүңөр менен менин жаңы тасмамды күтүп, уктабай жүрсөңөр мына анда, көрүп, мени баалагыла демекчимин! Айтмакчы, менин каналыма жазылганды унутпагыла ээ!», — деп жазган видеонун алдына.

Эске салсак, Зарылбек Аликенов социалдык тармактарга өзүнүн видеолорун байма-бай жүктөп, активдүү колдонуучу катары белгилүү. Ал чыпалагы менен оор салмактагы жүктөрдү көтөрүп, өзүн «21-кылымдын Кожомкулумун» деп атаган жайы бар. Мындан сырткары мушкер Хабиб Нурмогамедовго «өзүңдү Конор Макгрегорду жеңип жеңүүчү сезбе. Биринчи менин чыпалагымды жең, кыйын болсоң чыпалагың менен унааны сүйрөп, 2 фляга суу ташы»- деп чакырык таштаган болчу.

Чыпалак баатырды колдогон күйөрмандары аны «азаматсың» деп сүрөп турушса, айрымдар анын кылыгын жосунсуз деп сындап келишет.

Эң көп окулган жаңылыктар