Чаткал районундагы унаа жолго түшкөн кар көчкү толугу менен тазаланды

11:18, 10 января 2019, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы унаа жолго түшкөн кар көчкү толугу менен тазаланды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя кечээ саат 17:20 чамасында Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка унаа жолунун 99-чакырымында (Капчыгай тилкеси) болгон. Анда көлөмү болжол менен 1000 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жол бир тараптуу жабылган.

Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Кар көчкүнү тазалоого № 27 жол тейтөө ишканасынан 1 жүктөгүч жана 1 бульдозер тартылган. Тартылган күчтөрдүн жардамында саат 18:04дө унаа жол толугу менен тазаланды.