Эркинбек Мергенбаев 16-мартка чейин камакта калат

10:04, 10 января 2019, Бишкек - 24.kg

2014-жылы өткөн Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата курулган Чолпон-Атадагы ат майдандын башкы подрядчиги Эркинбек Мергенбаев 16-мартка чейин камакта калат. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды. Жактоочулар даттануу ниетинде.

Юристтердин айтымында, алар Эркинбек Мергенбаевди № 47 түзөтүү абагына которууну даттанышкан. Ишкер учурда № 1 тергөө абагында кармалууда. Маалыматка караганда, ал медициналык көзөмөлгө муктаж.

Эркинбек Мергенбаевге атайын билип туруп курулуш иштеринин баасын 10 миллион сомго көбөйтүп койгон деген айып коюлган.