Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин имараты ремонтко муктаж

09:43, 10 января 2019, Бишкек - 24.kg

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин имараты ремонтко муктаж. Фейсбуктагы «Кара тизме» тобуна аталган имараттын сүрөтүн жайгаштырып коюшкан. Сүрөттө имараттын сырты урап баштаганын көрүүгө болот.

Фото

Белгилей кетсек, бул Фрунзе шаарындагы алгачкы административдик имарат. Ал 1928-жылы белгилүү архитектор Андрей Зенковдун долбоору боюнча курулган.