23:32
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Коррупция менен күрөштөн түшкөн акча Бишкек менен Чүйгө мектеп курууга жумшалат

Коррупция менен күрөштөн түшкөн акча каражатты Бишкек менен Чүй областында мектептерди оңдоп, курууга жумшалат. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочулары менен жолугушууда билдирди.

Жолугушууга катышкан жергиликтүү жашоочулардын бири коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча каражаты боюнча атайын эсеп ачылганын, ал боюнча иштер кандай жүрүп жатканына кызыкты.

Мамлекет башчысы Бишкек менен Чүй областында мектептердин жетишсиздигин белгилеп, коррупция менен күрөштөн түшкөн акча каражаты Бишкек менен Чүйдө мектептерди оңдоп, курууга жумшалаарын белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар