Казакстандык чек арачылар баңгизат алып бара жаткан кыргыз милициясын кармашты

17:08, 09 января 2019, Бишкек - 24.kg

Казакстандык чек арачылар баңгизат алып бара жаткан кыргыз милициясын кармашты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди.

Милиция кыргыз-казак чек арасынан өтуп баратканда колго түшкөн.

«Тартип сакчысынын жанынан гашиш табылды. Кармалган жаран Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», -деп билдиришти редакцияга.