Алмазбек Атамбаев Индияга барып келет

13:58, 09 января 2019, Бишкек - 24.kg

Социалдык түйүндөрдө мурунку президент Алмазбек Атамбаев Индияга барат деген маалымат тарады. Буга КСДП фракциясынын расмий өкүлү жооп кайтарды.
 
«Ооба, Алмазбек Атамбаев кыска мөөнөттүү эс алууга чыгат, ал эркин адам, мамлекеттик кызматта иштебейт. Ар кандай мүнөздөгү иш сапарлары менен эки жакка чыгууга укугу бар. Мындан саясат жасабагыла», -деп жазылат маалыматта.
 
Иш сапар 11-январда болот. Кыргызстанга мурунку мамлекет башчы 21-январда кайтып келмекчи.