04:40
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ысык-Көл облусунун аймагында жер титиреди

Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 9-январда болжол менен саат 01:41де болуп, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Тон районунун Оттук айылында 3 баллга, Кара-Талаа айылында 2,5 баллга жана Ак-Өлөң айылына 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар