12:12
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Коопсуз шаар». Экинчи этаптын тендери азыркыга чейин жарыялана элек

Байланыш жана маалыматтык технологиялар мамлекеттик комитетинен 24.kg агенттигине «Коопсуз шаар» долбоору боюнча экинчи этаптын тендерин азыркыга чейин эмне себептен жарыялабагандыгын айтып берди. 

Буга чейин аталган комитеттин башчысы Бакыт Шаршембиев Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында отчет берип жатып, 2018-жылдын акырына чейин экинчи этап боюнча сынак өткөрөрүн айткан. Бирок, тендерди мөөнөтүндө жарыялашкан жок.

«Кыргызстан боюнча техникалык тапшырмалар декабрдын ортосунан бери даяр турат. Учурда бир канча кызыктар ведомстволор арасында макулдашуу жүрүп жатат. Жуманын акырына дейре макулдашуулар аяктап, андан кийин тендердин мөөнөтү тууралуу чечим кабыл алабыдз», -деди Бакыт Шаршембиев.

Эң көп окулган жаңылыктар