Муфтият зыяратчыларга кийим тигүүгө сынак жарыялады

09:22, 09 января 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ажыга баруучулардын кийимин тигүүгө сынак жарыялайт.

Тигүүчүлөр 11-январдан 11-февралга чейин сунуштарын бериши керек. Сынак 14-февралда өтөт.

Кенен маалыматты муфтияттан алууга болот.

Белгилей кетсек, бүгүндөн баштап, муфтият ажылыкка катталууга арыздарды кабыл ала баштайт.