16:13
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыкта 3 киши жабыркады

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан кийин 3 киши ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу тартип сакчылары билдиришти.

Болжолдуу маалымат боюнча, Чычкан капчыгайында эки унаа кагышкан. Кесепетинен Жалал-Абад шаарынын 52 жаштагы тургуну Т.Н., Сузак районунун 35 жаштагы тургуну Т.А. жана Сокулук районунун 31 жаштагы тургуну Н.Н. жаркат алып, Токтогул райондук ооруканасына түшкөн. Алардын баш мээси чайкалып, баш сөөгүнөн жаракат алышкан.

Учурда жол кырсык боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар