22:12
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Өмүрбек Текебаевди бүгүн № 47 түзөтүү колониясына которушат

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди  бүгүн № 47 түзөтүү колониясына которушат. Ал дарыланып бүттү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ЖАМКтан билдиришти.

Маалыматка караганда, Улуттук кардиология борборунун дарыгерлери Өмүрбек Текебаевдин стационардык дарылануусуна муктаждык жок деп эсептешет. Айтымдарында, ал медициналык процедураларды колониядан ала алат.

ЖАМКтан билдиришкендей, Өмүрбек Текебаевди качан жатак абакка которуларын эсептеше элек. Юристтердин айтымында, мурунку эл өкүлүнүн кармоо режимин ушул жылдын 20-мартынан тарта мыйзамдын негизинде өзгөртүшү керек.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума