13:06
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Июлдан тарта жашы жете элек балдар чек арадан паспорт менен гана өткөрүлөт

Жаңырган жылдын 1-июлунан тарта жашы жете элек балдар чек арадан паспорт менен гана өткөрүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандыгын далилдеген туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн тиркемеси айлантуудан чыгарылат.

«Мамлекеттик чек ара өткөрмөлөрүндө ар кандай чыр-чатактуу жагдайларды четтетүү максатында, 2019-жылдын 1-июлунан тарта, Кыргыз темир жолунун бекеттеринен эл аралык каттамдарга чыгуу үчүн жашы жете элек балдарга өз убагында жалпы жарандык паспорт алуу жагын «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын администрациясы сунуштайт", -деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар