USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Сапар Исаков 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

15:25, 08 января 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын мурунку премьер-министри Сапар Исаковго «Жемкорлук» беренеси боюнча акыркы айып тагылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.

Айтымында, мурунку премьер-министр 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ал алдын ала кылмыш келишимин сүйлөшүп алуу боюнча мамлекетке ири материалдык чыгым алып келген деп айтыпталууда.

Эске салсак, мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча  жемкорлукка айыпталып кармалган. 18-декабрда анын баш коргоо чарасы каралып, өз сөзүндө ал саясий куугунтуктун курмандыгына айлангандыгын айткан. Сапар Исаков УКМКнын тергөө абагында 13-февралга чейин кармалат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18