14:33, 08 января 2019, Бишкек - 24.kg
Бүгүн саат 12:37де Чүй облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Жер титирөө Чүй облусунун Панфилов районунун Өтмөк айылында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.