Токмоктогу батирлердин биринен 62 жаштагы кишинин сөөгү табылды

13:52, 08 января 2019, Бишкек - 24.kg

Токмок шаарындагы батирлердин биринен 62 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 7-январда министрликтин № 21-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Токмок шаарындагы 3-кичи районунда жайгашкан № 76-үйдөгү батирлердин биринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Ошол учурда батирдин ичинен 1957-жылы туулган И.А аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Куткаруучулар маркумдун сөөгүн милицияга өткөрүп беришкен.