11:26, 08 января 2019, Бишкек - 24.kg
Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 1966-жылы туулган Темиркул Соронбаевди издөөдө. Бул тууралуу ОИИБдан билдиришти.
Маалыматка караганда, изделип жаткан киши 2018-жылдын 11нен 12-декабрга караган түнү Кой-Таш айылынан чыккан боюнча дайынсыз болууда.
Өзгөчө белгилери: бою 170-175 см, арык чырай, көздөрү кара, чачын ак баса баштаган, кыска, кырдач мурун.
Кийими: кара түстөгү свитер, кара жинсы, бутунда сары түстөгү жеңил бут кийим.
Изделип жаткан киши тууралуу маалыматы бар жарандар