Бийчи Ясмин Жанботоева Санкт-Петербургда өткөн фестивалда баш байгени жеңип алды

11:00, 08 января 2019, Бишкек - 24.kg

Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын окуучусу Ясмин Жанботоева Санкт-Петербургда өткөн сынак фестивалда баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка караганда, балдардын классикалык жана заманбап бий сынагы 4-январдан 8-январга чейин өттү. Ага Бишкектеги хореографиялык окуу жайдын окуучулары катышты.

Аталган иш-чаранын негиздөөчүсү Эл аралык хореографтар бирикмеси саналат.