Адам өмүрүнө кол салууга шектүү жаран Казакстандан Кыргызстанга экстрадицияланды

09:34, 08 января 2019, Бишкек - 24.kg

Адам өмүрүнө кол салууга шектелген жаран Казакстандан Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык ушул жылдын 26-августунда Баткен облусунда болгон.

«Жабырлануучу башынан оор жаракат алган. Кылмышка шектүү делип 21 жаштагы К.А. издөөгө алынган. Шектүү Казакстанда жашырынып жүргөн жеринен кармалды», -деп айтылат маалыматта.

Соттун чечими менен кылмышка шектүү Оштогу № 5 тергөө абагында 2 айга камалды.