Ноокат районунда мал уурулук боюнча кылмыштын бети ачылды

16:50, 28 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Ноокат районунда мал уурулук боюнча кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ноокат РИИБге Кашкалдак айылынын 52 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал 2-декабрда белгисиз адамдар анын 3 баш бодо малын уурдап кеткенин билдирген.

Кылмышка шектелип Жалал-Абад облусунун 34 жаштагы тургуну кармалды.