Аба-ырайы. Жыл алмашышы менен кар жаайт

09:57, 28 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

28-декабрда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

29-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

30-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

31-декабрда түнкүсүн бир аз кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

2-январда кар жаайт. Абанын температурасы туруксуз болот.