Швециянын прокуратурасы терроризм тууралуу иш боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандык жарандарга күнөө такты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
3 шектелүүчүгө террордук кылмыш ишине даярдыктарды жүргүзгөн деген айып коюлду. Кармалган 6 жаран өзгөчө оор кылмыштарга каржылык жактан жардам берүү, акча которуу боюнча айыпталууда.
Маалыматка караганда, кылмыш иштери Стокгольмдун аймагында жана Стремсунд шаарында жасалган. Шектүүлөр күнөөнү мойнуна алышкан жок.
6 шектүүнүн 5өө камакта. Соттук угуулар 7-январда башталат. Буга чейин шведдик ЖМКлар ушул жылдын апрелинен окятбрга чейин полиция Өзбекстан жана Кыргызстандан келген 5 жаранды кармаганын жазып чыгышкан. Алардын бири Швециядагы 2017-жылы теракт уюштургандыгы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган Рахмат Акилов менен байланыш бар делүүдө.