Ошто майрам күндөрү коомдук транспорт түн жарымына чейин иштейт

17:47, 27 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Жаңы жылда Ош шаарынынын коомдук транспорттору түнкүсүн иштейт. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирет.

Маалыматка караганда, кичиавтобус жана троллейбустар шаардын баардык райондоруна каттап турат.

«31-декабрдан 1-январга караган түнү коомдук транспорттор түнкү саат 1ге чейин иштейт. Майрамдык иш-чараларга келген шаар тургундарын жана конокторун коомдук транспорттор менен жеткиликтүү камсыз кылуу максатында тиешелүү ишканалар буйрук чыгарышты», — дейт мэрия.