Аида Касымалиева парламенттин вице-спикери болду

15:34, 27 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Аида Касымалиева парламенттин вице-спикери болуп шайланды. Чечим Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.

Добуш берген депутаттардын 16 каршы чыгып, 91и колдоду.

Эскерте кетсек, 12-декабрда КСДП фракциясынын сунушу менен Асел Кодуранова кызматтан бошотулган. Ага Кодуранованын Өмүрбек Бабановдын маселесин парламентте талкулоо сунушу себеп болгондугу айтылган.

Аида Касымалиева 35 жашта. Кесиби боюнча журналист.