Кыргызстанда «балага сүйүнчүнү» жыл башынан тарта 103 миң 550 ата-эне алышты

14:13, 27 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда «балага сүйүнчүнү» жыл башынан тарта 103 миң 550 ата-эне алышты. Бул тууралуу маалымат жыйында Эмгек, социалдык өнүгүү министри Улугбек Кочкоров билдирди.

Ал билдиргендей, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы төрөлгөн балдардын саны мындан көп.

«Бирок, баардык ата-энелер сүйүнчү алууга арыз берген эмес. Алар балдары 6 айга толгонго чейин арыз бере алышат», -деди министр.

Улукбек Кочкоров жөлөк пулду алууда паспорт менен банктык картаны көрсөтүү керек деди.